“ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕМИЛГЕ – 2019” КОНКУРСУ

26.06.2019 11:35 — 15.09.2019 18:00

Бардык маалыматты “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорун ишке ашырып жаткан Өнүктүрүү саясат институтуна 2019-жылдын 1нен 15-сентябрга чейинки мезгилде төм. дарек боюнча жиберүүңүздү өтүнөбүз: Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү, 108-үй.

Өнүктүрүү саясат институту Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорун (мындан ары – Долбоор) ишке ашырууда. Долбоордун негизги максаты – жарандардын бюджеттик процесске катышуусун камсыздоо жана жеринде кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында ЖӨБ органдарынын дараметин күчөтүү.

СЫНАК ТУУРАЛУУ ЖОБО ЖАНА ТАБЫШТАМА ФОРМАСЫ

Конкурстун максаты: 

Конкурсту өткөрүүнүн тартиби: жергиликтүү жамааттардын лидерлери, демилгелүү топтор, биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору (БМжБТ), бейөкмөт уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык мекемелер жана уюмдар биргелешип же өз-өзүнчө айылында/айылдык аймактын деңгээлинде/Кемин шаарында киргизилген өзгөчө натыйжалуу, эффективдүү тажрыйбанын же өз демилгеси менен өткөрүлгөн иш-чаранын сүрөттөлүшүн Өнүктүрүү саясат институтуна беришет. Иш-чара төмөн жакта берилген формага ылайык толук сүрөттөлүүгө тийиш.

Ар бир арыз берүүчүдөн жергиликтүү демилгени сүрөттөгөн мисалдардын санына чектөө жок, бирок ар бир мисал бир гана көйгөйгө тиешелүү болушу керек. Сүрөттөө 1500 сөз менен чектелиши керек. Сүрөттөр, видеоматериалдар, гезиттерге жана журналдарга жарыяланган макалалардын үзүндүлөрү презентациянын көркүн ачат (өтүнмөнүн формасын караңыз).

Көңүл буруңуз! Толтурулган өтүнмөлөр мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат.

Мисалды/мисалдарды сүрөттөгөн өтүнмөлөрдү Өнүктүрүү саясат институтуна 2019-жылдын 1нен 15-сентябрга чейинки мезгилде тапшырыш керек.

Байгелер. Конкурстун жалпы байге фонду – 1 500 000 сом. Байге фонду Швейцария Өкмөтү Швейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык агенттиги аркылуу каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору (мындан ары – Долбоор) тарабынан түзүлдү.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө байгелер төмөнкү тартипте ыйгарылат:

Коомчулуктун катышуусунда жергиликтүү деңгээлде мониторинг системасын жайылтуу тажрыйбасына дем берүү үчүн атайын фонд:

Бардык маалыматты “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорун ишке ашырып жаткан Өнүктүрүү саясат институтуна 2019-жылдын 1нен 15-сентябрга чейинки мезгилде төм. дарек боюнча жиберүүңүздү өтүнөбүз: Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү, 108-үй.

Кошумча маалымат алуу үчүн Алтынай Бузурманкуловага (0 312) 97-65-30 (34) телефон номурлары боюнча кайрыла аласыз же abuzurmankulova@dpi.kg  электрондук даректерине кат жазсаңыз болот.

Проект: