“2020-ЖЫЛДЫН БЮДЖЕТИН ТҮЗҮҮДӨ ЖАРАНДАРДЫН РЕАЛДУУ КАТЫШУУСУ” СЫНАГЫ

26.06.2019 10:36 — 15.09.2019 18:00

Табыштамаларды «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорун аткарган Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 2019-жылдын 1нен 15-сентябрга чейинки мезгилде бериш керек.

Өнүктүрүү саясат институту Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорун (мындан ары – Долбоор) ишке ашырууда. Долбоордун негизги максаты – жарандардын бюджеттик процесске катышуусун камсыздоо жана жеринде кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында ЖӨБ органдарынын дараметин күчөтүү.

СЫНАК ТУУРАЛУУ ЖОБО ЖАНА ТАБЫШТАМА ФОРМАСЫ

Сынактын максаты

Сынактын негизги максаттары:

Тапшырык берүүчүлөр: Сынактын катышуучулары болуп Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айыл өкмөттөрү, ошондой эле Кемин шаарынын мэриясы эсептелет. Алар 2019-жылдын июнь жана июль айларынын аралыгына 2020-жылдын жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууларды өткөрүшөт.

Тандоо критерийлери: Тапшырыктар тиркелген материалдардын сапатынын негизинде да, ошондой эле ар бир муниципалитетте жарандык топтор менен кайра байланыштын негизинде да бааланмакчы.

Байгелер. Сынактын жалпы байге фонду – 900 000 сомдун тегереги. Байге фонду Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору аркылуу каржыланат.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө гранттар төмөнкү тартипте ыйгарылат:

Байге каражаттары жергиликтүү жамаат менен ЖӨБО бирге аракеттешүүсүн жакшыртууга, анын ичинде коомдук иш-чараларды өткөрүүгө арналган жабдууну сатып алуу үчүн колдонулушу мүмкүн. Жабдуулар тѳмѳндѳгүдѳй болушу мүмкүн:

Сынактык комиссия: Комиссия түшкөн материалдарды карап чыгат жана табыштамаларды берген акыркы мөөнөттөн кийин бир айдын ичинде жеңүүчүлөрдү аныктайт.

Долбоордук табыштаманы берүү мөөнөтү: Табыштамаларды «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорун аткарган Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 2019-жылдын 1нен 15-сентябрга чейинки мезгилде бериш керек.

Табыштамаларды Долбоордун адиси Азамат Мамытовго төмѳнкү дарек боюнча берүүңүздү өтүнөбүз: Бишкек ш., Үмөталиев көч., 108, тел: (312) 97 65 30 / 31 /32, (факс) 97 65 29 же эл. дарек AMamytov@dpi.kg

Проект: