Долбоор Ысык-Көл облусу боюнча кеңешчилерди кызматташууга сынактык негизде чакырат!

11.06.2012 10:13 — 30.11.-0001 00:00

Ар бир райондон бирден кеңешчи сынактын негизинде кабыл алынат.

Швейцария Өкмөтү тарабынан Улуу БританиянынЭл Аралык Өнүктүрүү боюнча Министрлиги менен өнөктөштүктө каржыланган жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоору Ысык-Көл облусунун айыл аймактарында иштөө үчүн
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ ЖАНА ЖАРАНДЫК КАТЫШУУ БОЮНЧА КЕҢЕШЧИЛЕРДИ
кызматташууга чакырат:

  1. Ак-Суу району боюнча Долбоордун кеңешчиси
  2. Жети-Өгүз району боюнча Долбоордун кеңешчиси
  3. Тоң району боюнча Долбоордун кеңешчиси
  4. Түп району боюнча Долбоордун кеңешчиси
  5. Ысык-Көл району боюнча Долбоордун кеңешчиси

 

Талапкерлерге болгон минималдуу шарттар:

  • жогорку билим;
  • кыргыз, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөгөн жана жазган; бөлөк тилдерди кошумча билүү артыкчылык берет;
  • иш тажрыйбасы:
    • айыл жамааттары менен иштешүү, артыкчылыктуу маселелерди пландаштырууга жана ишке ашыруу максатында айылды жана айылдагы топторду мобилизациялоо боюнча иш алып баруу;
    • PRA өткөрүү, презентацияларды тартуулоо, коомдук жыйындарда чыгып сүйлөө;
    • айыл жамааттарынын деңгээлинде маалыматтык алмашуу боюнча иштөө;
    • эл аралык донордук уюмдар же жергиликтүү/эл аралык бейөкмөт уюмдар тарабынан каржыланган жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө жана (же) долбоорлордо иштөө;
  • КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүн жакшы билүү;
  • баяндоочу отчетторду даярдоо / жаза билүү;
  • Microsoft Office (Word, Excel, PowerPoint ж.б.) программаларында, Интернет, социалдык түйүндөрдө иштей билүү;
  • долбоор ишке ашырыла турган жамаатта / аймакта жашоосу шарт;
  • Кыргызстандын аймагында тынымсыз иш сапарларына чыгып туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу;
  • компьютерге жана Интернет түйүнүнө жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу;
  • өз алдынча жоопкерчиликтүү чечимдерди кабыл ала билүү жана бир командада иштөө жөндөмдүүлүгүнө ээ болуусу зарыл.

Кызыкдар тараптар өз резюмелерин орус жана англис тилдеринде, талапкер иштегиси келген районду, жана өзүнүн жеке телефон номурлары менен электрондук дарегин көрсөтүп, 2012-жылдын 26-июну саат 17.30га чейин төмөнкү дарек боюнча алып келип тапшырса болот:
Бишкек ш., Үсөнбаев көч., 44 (Москва көчөсү менен кесилишет), 2-кабат
тел.: + 996 (312) 970-105, факс: + 996 (312) 970-108, же электрондук дарек аркылуу:dpi.office.kg@gmail.com

Биринчи турдан өткөн талапкерлер атайын окууга чакырылат. Окууну ийгиликтүү аяктагандар менен келишим түзүлөт.