Чакан гранттар программасы 2015

19.01.2015 19:56 — 30.11.-0001 00:00

Долбоордук табыштамаларды 2015-жылдын 10-февралынан кечиктирбестен Бишкек ш., Үсөнбаев көч., 44-үй дареги боюнча Өнүктүрүү саясат институтунун офисине өткөрүп берүү зарыл.

Швейцария Өкмөтү жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – Долбоор) Чакан гранттар программасы боюнча Долбоордун пилоттук муниципалитеттеринен табыштамаларды кабыл ала баштаганы тууралуу жарыялайт.

Долбоордун Гранттык фондунун каражаттары жергиликтүү жамааттын турмуш шарттарын жакшыртууга багытталган долбоорлорду каржылоо үчүн колдонула алат. Долбоордук идеялар ЭКБА иш-чараларынын процессинде аныкталган жергиликтүү жамааттын артыкчылыктарына шайкеш келиш керек жана Биргелешкен аракеттер планын ишке ашырууну талкуулоо жана Долбоор тараптан кошо каржылоонун эсебинен чечүү үчүн эң керектүүсүн тандоо боюнча чогулуштарда көп добушка ээ болуш керек.

Гранттын суммасы жергиликтүү бюджеттен кошо каржылоо долбоордун жалпы суммасынан 10% кем эмес болот деген шарт менен 400 000 сомдон ашпайт. Гранттар узактыгы 2 айга чейин болгон долбоорлорго бөлүнөт, долбоордук жумуштарды ишке ашырууну 2015-жылдын 15-мартынан кечиктирбестен аякташ керек. Буга чейин Долбоор бардык пилоттук муниципалитеттерге кеңсе жабдууларын, компьютердик техниканы берген үчүн бул гранттын каражаттары ошолорду сатып алууга багытталбаш керек.

Табыштама формасы

Табыштаманы тапшыруу үчүн төмөнкүдөй документтерди тиркөө менен долбоордук табыштаманын толтурулган формасын өткөрүү талап кылынат:

  • Өткөрүлгөн ЭКБА / PRA-сессиялар боюнча отчеттор
  • БАП (биргелешкен аракеттер планы) көчүрмөсү
  • ЭКБА жыйынтыктары боюнча Демилгелүү топтор иштеп чыккан Долбоорлордун кыскача сүрөттөлүшүнүн (ДКС) көчүрмөлөрү
  • Артыкчылыктуу долбоорду тандап алуу боюнча элеттик чогулуштун протоколу
  • Долбоорду жактыруу, бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана гранттык долбоорду кошо каржылоого жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү тууралуу жергиликтүү кеңештин сессиясынын чечиминин көчүрмөсү.
  • Коштомо кат

Долбоордук табыштамаларды 2015-жылдын 10-февралынан кечиктирбестен Бишкек ш., Үсөнбаев көч., 44-үй дареги боюнча Өнүктүрүү саясат институтунун офисине өткөрүп берүү зарыл.

Табыштаманын формасын Долбоордун: www.vap.kg сайтынан жүктөй аласыз.

Бардык суроолор менен гранттар боюнча адис Султан Майрамбековго smairambekov@dpi.kg электрондук дереги боюнча, же (0770) 77 11 10 телефон номуру боюнча кайрылсаңыз болот.