Жергиликтүү өз алдынча башкарууну (ЖӨБ) баалоону үйрөнүп, жумуш боюнча келишимине ээ бол!

09.04.2014 14:13 — 30.11.-0001 00:00

Программага катышууга Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын эксперттери чакырылат!

Швейцария Өкмөтү тарабынан Улуу Британиянын  Эл аралык Өнүктүрүү Министрлиги менен өнөктөштүктө каржыланып, 
учурда Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан
“Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору
“Жергиликтүү өз алдынча башкарууну (ЖӨБ) баалоону үйрөнүп, жумуш боюнча келишимине ээ бол” программасына

кабыла алууну жарыялайт.

Программага катышууга Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын эксперттери чакырылат!  

Программа эки этаптан турат:

  • 1-этап – катышуучулар муниципалдык тейлөө кызматтары менен жарандардын канааттануу деңгээлин баалоо ыкмалары жана Бюджеттик ачык-айкындуулуктун муниципалдык индекси боюнча окутуудан өтүшөт (БАМИ);
  • 2-этап – окутуудан ийгиликтүү өткөн катышуучуларга, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы 26 пилоттук аймактарында жергиликтүү жамааттардын аракети менен жүргүзүлүүчү баалоо иш-чараларын аткарууда, ЖӨБ органдарына колдоо көрсөтүү жана окутуу өткөрүүгө контракт сунушталат.

Потенциалдуу катышуучуларга коюлган талаптар:

  1. ЖӨБ тармагында, бейөкмөт уюмдарда, эл аралык уюмдарда иштеген тажрыйбасы 1 жылдан кем болбогон.
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү бюджеттер системасы боюнча баштапкы билимге ээ.
  3. Мониторинг жана баалоо системасы боюнча баштапкы билимге ээ. 
  4. Кыргыз тилин мыкты билген.
  5. Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын аймактарында жашаган жарандар.

Окутуу учурунда жатакана, тамак-аш жана транспорт чыгымдары Долбоор тарабынан камсыздалат.

Программага катышуу үчүн деталдуу резюме “Тренинг: - ОУ, МИБП” деген белги менен 2014-жылдын 18-апрели саат 18.00гө чейин төмөнкү дарекке: Кыргыз Республикасы, 720021, Бишкек ш., Үсөнбаев көч., 44 же office@dpi.kg э-дарегине жиберилүүсү керек. 

Окутуу тууралуу толук маалыматты жуманын иш күндөрү 9.00 - 18.00 убактысы аралыгында төмөнкү телефондор аркылуу кайрылуу менен алсаңыз болот: (0312) 976530, 976531; факс: (0312) 976529. Байланыш үчүн адисо: Назира Тюлюндиева (ntiuliundieva@dpi.kg).